Аба ырайы сууктаганына байланыштуу Ош шаарында бүгүн, 4-ноябрдан тартып жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриядан белгилешкендей жылуулук 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жетет.
«Андыктан көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы эшиктерин жабык кармап, үйдүн эшик, терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.
Авариялык учурлар болсо 0 551 113 371, 0 777 113 371, (03222) 5 07 90 номерлерине байланышууга болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз