Садыр Жапаров: Тышкы карыз бюджеттеги акчанын эсебинен төлөнүүдө

Садыр Жапаров: Тышкы карыз бюджеттеги акчанын эсебинен төлөнүүдө

Кыргызстан тышкы карызды бюджеттеги акчасынын эсебинен төлөп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Эгемендик алып, өз алдынча мамлекет болгон күндөн тартып 2020-жылга чейин чогулган карызыбыз 5 миллиард АКШ долларынын тегереги болгон. Ушул карызды үстөгү менен толук кайтара турган мезгил менин жана менин командамдын бийликте турган мөөнөтүнө туш келип отурат. Пандемияга чейинки Кыргызстандагы кризис, бюджеттин тартыштыгы, пандемиядагы жана пандемиядан кийинки кризис жана дүйнөдө болуп жаткан азыркы каатчылыктарга карабай, өз убагында төлөп келе жатабыз.

Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса, мындан ары да төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет. Анткени бюджетибизди 2020-жылга чейинки убакытка караганда үч эсе көтөрүп алдык. Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат», — дейт ал.

Жапаров билдиргендей, учурда мамлекет тышкы карызды төлөө менен бирге маяна-пенсияларды көтөрүп, мектеп, бала-бакчаларды салууда, аскерлерди күчтөңдүрүүдө.

«Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдары «тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз, төлөбөсөк жерлерибиз кетет экен» деп элибиз бушайман боло баштаган. Азыр андай кыжаалатчылык жок.

Тескерисинче, тышкы карызды төлөө менен бирге эле, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп жатабыз. Армиябызды күчтөөнүн үстүндөбүз.

Акыркы эки жылда эле эки миллиард долларга жакын каражатка жаңы үлгүдөгү заманбап техникаларды сатып алдык.

Жолдор салынууда. Мектептерди, бала-бакчаларды, темир жол, ири ГЭСтерди, аэропортторду куруп жатабыз.

Ички аба каттамдар үчүн төрт учак сатып алуудабыз. 1000 автобус сатып алдык», — деп жазаь Жапаров.

Анын айтымында, Кыргызстан тышкы карызды бюджеттеги акчасынын эсебинен төлөп жатат.

«Белгилей кетчү жагдай, тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу келерки — 2024-жылга туура келүүдө (төмөндөгү диаграммадан көрсөңүздөр болот). Эң башкысы, биз тышкы карызды өз күчүбүз менен, тактап айтканда, бюджеттик каражаттардын эсебинен жаап жатабыз. Мурда болсо кайсыл бир бөлүгүн кайра эле тыштан же грант, же карыз алып жапчубуз.

Эгер азыркы тышкы карызыбызга кетип жаткан акча казынабызда калганда, мындан да көп жумуштар аткарылмак. Эмгек акылар, пенсия, жөлөк пулдардын өлчөмү мындан да көп эсе жогоруламак», — дейт ал.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички карыз) 5,7 млрд долларды түзөт (509 млрд 124 млн сом). Анын ичинен 78%ы тышкы карыз, калганы ички карыз болуп саналат.

Ошол эле учурда Кыргызстандын ички карызы өсүп жатканы маалым. Каржы министри Алмаз Бакетаев билдиргендей, өлкөнүн ички карызы бир жыл ичинде 49 млрд сомго өскөн.

Кыргызстандын ички карызы 1 жылда 49 млрд сомго өскөн

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>