Ошто жол оңдоого деп бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү уурдалып кеткен

Ошто жол оңдоого деп бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү уурдалып кеткен

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматты Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгындагы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттардын уурдалып кеткенин аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай, аталган капиталдык курулуш башкармалыгы Ош шаарындагы Кеңсай турак жай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча жеке ишкана менен келишим түзүп ага мамлеккеттик бюджеттен 42,9 млн сомдон ашык акча которулган.

Бирок, келишим түзүлгөнүнө бир топ убакыт өтсө да  объект пайдаланууга берилген эмес,  ал эми 13 млн сомго аткарыла турган жумуш аткарылбай калган.

Сотко чейинки тергөөнүн алкагында жеке ишкананын жетекчиси кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына киргизилген.

Учурда мамлекетке келитирилген зыяндын ордун толтуруу жана бул кылмышка катыштыгы бар баша адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>