Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Акча опузалоого шектелип издөөдө жүргөн милиция кызматкерлери кармалды
27.10.2023 | 15:12
Ош облусунун тургунунан 400 миң сом талап кылган шаардык ички иштер башкармалыгынын үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И. жана милициянын капитаны Э.С.Э. тергөө абагына киргизилди.
Маалыматка караганда, 26-сентябрда 100 миң сом пара алып жаткан жеринен милициянын майору Ж.у.Н. колго түшкөн. Аны менен бирге жаранды кылмыш иши менен коркутуп, акча талап кылган үч кесиптешине издөө жарыяланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар