Үч адамдын өлүмү: Экспертиза маркум бала айыпталуучунун уулу болушу мүмкүн экенин көрсөткөн

Үч адамдын өлүмү: Экспертиза маркум бала айыпталуучунун уулу болушу мүмкүн экенин көрсөткөн

Бүгүн, 27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылды.

Соттук отурумда иштин материалдары каралды. Маалым болгондой, кылмыш ишинин материалдары 6 томдон турат.

Процессте сот иштин материалдарындагы экспертизалардын жыйынтыктарын окуп берди.

Экспертизада 9 жаштагы маркум бала айыпталуучу Чынтемир Ашыралиевдин уулу болушу толук мүмкүн экенин көрсөткөн. Белгилей кетсек, аталган экспертиза ДНК-тест болуп эсептелбейт.

16-октябрда Ашыралиев маркум бала анын уулу эмес экенин, маркум Канзаманова менен эже-ини катары достук мамиледе болгонун билдирген.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Буга чейин ММКлар жазгандай, айыптоо тараптын версиясы боюнча, А.Канзаманова Ашыралиевди уулу жөнүндө аялына айтам деп шантаж кылгандыктан, экөөнүн ортосунда уруш чыгып турган. Ошондой эле маркум аял уулу тууралуу Ашыралиевдин аялына айтарын билдирген. Натыйжада Ашыралиев аялды жана алардын мамилеси тууралуу билген балдарды өлтүрүүнү чечкен.

Ал 15-февралда кечинде Канзаманованын үйүнө келген. Балдар уктаганы кеткенде, Канзамановага 9 жолу бычак сайган. Андан кийин анын кызынын бөлмөсүнө барып, ага бычак сайып, андан кийин муунта баштаган. Кыз өлдү деген ой менен уулунун бөлмөсүнө барган. Жаздыкты алып, баланы тумчуктуруп өлтүргөн.

Андан кийин эмне кылууну ойлонуп жатканда, кыздын бөлмөсүнөн добуш чыкканын уккан. Ал жактан кыз терезеден секирип кеткенин көрүп, анын артынан түшүп барган. Эшикке чыгып, кызды үйдүн ичине көтөрүп кирген. Андан кийин кызды ваннага салып, сууга чөктүрүп өлтүргөн.

Андан соң кылмыштын изин жашырууга киришкен: ал окуяны Канзаманова кызы менен ичимдик ичип отурганда урушуп кетип, кызы энесин өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйгандай кылып көрсөткүсү келген.

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев маркум бала уулу экенин моюндаган жок

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>