Кыргыз-тажик чек арасы. Өкмөттөр аралык комиссия Баткенде жолугушууда

Кыргыз-тажик чек арасы. Өкмөттөр аралык комиссия Баткенде жолугушууда

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо  боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын Баткенде  жолугушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, эки тараптын тең комиссиясы активдүү иш алып барууда.

“Сүйлөшүүлөр бат жүрүп жаткандыктан бир айда үчүнчү жолу жолугушубуз жатабыз. Бүгүнкү жыйын Баткенде өтүүдө”, — деди ал.

Назирбек Бөрүбаевдин айтымында, Лейлек районуна караштуу аймактар боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

октябрь айында Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан  57 чакырым тилке боюнча тил табышканын кабарлаган.

Июнь айында Эмомали Рахмондун маалымат кызматы, чек аранын 102 чакырымы макулдашылганын билдирген.

Ага чейин эки өлкө 980 чакырымдын 664 чакырым тилкеси боюнча талаш жоктугун ырасташкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>