Жаш бала бейтааныш адамдан телефон сурап, «Азия Моллдо» бомба бар деп милицияга жалган кабар берген

27.01.2025 | 12:05

Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунда жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган кабар берген делип 17 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 25-январда болжол менен саат 17:34тө “102” кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барып, бирок жардыруучу зат табылган эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2007-жылы туулган М.А. кармалган. Аны ата-энесинин көзөмөлүндө калтыруу бөгөт чарасы тандалган.

Укук коргоо органдары билдиргендей, ал көчөдөгү бейтааныш адамдан телефон сурап, “102” кызматына чалып, бомба тууралуу жалган кабар берген.

Милиция жардыруу тууралуу жалган кабар бергендерге 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Scroll to Top