Бишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталдыТрамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылдыКыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алатБишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелген жаран кармалды
Өспүрүмдүн зордукталышы боюнча ишти ИИМ башчысы көзөмөлдөйт
20.07.2022 | 12:28
Токмок шаарында жашы жете элек кызга карата жасалган кылмыш боюнча социалдык тармактарда тараган маалымат Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул ишти ар тараптуу тергөө үчүн ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды. Андан сырткары, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Чүй ОИИББдин жетекчилиги менен кызматкерлеринин аракеттерин текшерүү тапшырмасы берилди.
Буга чейин Токмок шаарында милицияга арыз менен кайрылган аял анын 16 жаштагы кызы зордукталгандыгын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом