Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Суучул Петрашов Израилде алтын медаль утту
20.07.2022 | 12:16
Суучул Денис Петрашов Израилде төрт жылда бир өтүүчү Маккабиянын экинчи алтын медалын жеңип алды. Бул тууралуу сынактын сайтында жарыяланды.
Кыргызстандык 100 метр аралыкка брасс стилинде биринчи орунду ээледи.
Буга чейин Денис Петрашов 200 метр аралыкка брасс менен сүзүүдө биринчи орунду алган.
60 өлкөнүн спортчулары катышкан XXI Маккабиянын мелдештери 12-26-июль күндөрү өтүүдө. Алар 2021-жылы өтүшү керек болчу, бирок COVID-19 пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылган.
Мыктылар спорттун 29 түрү жана спорттун 42 түрү боюнча тандалат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт