Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында жер титиреди
05.05.2024 | 15:57
Бүгүн, 5-майда саат 14:16да Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөө Баястан айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Ызар айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ажек айылынан 15 чакырым, Ала-Бука айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар