Башкармалыктын билдирүүсүнө караганда, мектептерди жаңы окуу жылына даярдоо жана оңдоо үчүн да окуучулар менен бүтүрүүчүлөрдөн акча чогултууга жол берилбейт.
Өлкө боюнча «Акыркы коңгуроо» аземи 25-майда өтөт. Анын жүрүшүндө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн салтанатка 1, 4, 9 жана 11-класстын окуучулары гана катышат.
Инспекция бөтөн адамдарды мектептердин аймагына киргизбөөнү сунуштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз