Чүйдө айылдашы сабаган жаран ооруканага түштү

Чүйдө айылдашы сабаган жаран ооруканага түштү

Чүй облусунда айылдашын сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-майда Мураке айылынын 26 жаштагы А.К. аттуу тургуну сабалып, Москва районундагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бул тууралуу милицияга кабар берилген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары жабырлануучунун 33 жаштагы Р.Т. аттуу айылдашы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө аныктагандай, 14-майда айылдаштар айылдын четине эс алууга чыккан. Ал жактан ичимдик ичип отуруп, жабырлануучу менен шектүү кайым айтыша кетип, Р.Т. жабырлануучуну башка уруп, сабап салган.

Учурда тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>