Депутат акчага короз уруштургандар боюнча маселени көтөрдү (видео)

Депутат акчага короз уруштургандар боюнча маселени көтөрдү (видео)

Бүгүн, 16-майда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттинин жыйынында мыйзамсыз оюн-зоок (кумар) оюндарын уюштургандарга жаза караштырган мыйзам долбоору каралды.

ИИМ тарабынан «Айрым мыйзам актыларга өзгөртүү киргизүү» тууралуу мыйзам долбоору сунушталды. Ал президенттин былтыр 23-декабрдагы «Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз иштерди токтотуу» тууралуу жарлыгын аткаруу, ошондой эле, жашыруун мыйзамсыз кумар оюндарын, анын ичинде оюн автоматтарын уюштуруу боюнча мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, Кылмыш-жаза кодекси 219-1-берене менен толукталып, анын 1-бөлүмүнө ылайык 3 жылдан 5 жылга жана 2-бөлүмү боюнча 5 жылдан 8 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Жыйында депутат Карим Ханджеза айыл жергесинде жарандар акчага короз уруштурарын, ал жерде акча мыйзамсыз жүгүртүлүп жатканын айтып, аларга кандай чара көрүлөрүн сурады.

«Күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок айыл жергесинде уюштурулуп жаткан короз уруштуруу бар. Коюлуп жаткан акчалар, алардын айланышы эмне болот? Андай мыйзамсыз иштерге көңүл бурулуп жатабы?», — деди депутат.

Депутаттын суроосуна ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жооп берип, мыйзамсыз акча коюп, оюн-зоок уюштургандардын баарына чара көрүлөрүн билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>