Өзбекстанга 450 миң сомдук мал айдап бараткандар кармалды

18.11.2022 | 10:29

Ушул жылдын 12-16-ноябрь күндөрү Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан мал-жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүү боюнча эки факты аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалымтака караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Булак тилкесинде 12-ноябрда  мамлекеттик чек арага жакын жерде 1995-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган. Ал Аксы районунун Гүлбак айылынын тургуну болгон. Кармалган жаран Кыргызстандан Өзбекстанга 5 баш ири мүйүздүү малды (торпокту) айдап өтүүгө аракет кылган.

Ал эми 16-ноябрда Аксы районунун Таза-Суу тилкесинде Кыргызстандан Өзбекстанга 17 баш ири мүйүздүү малды айдап өтүүго аракет кылган 1999-жылы туулган М.А.у. аттуу жаран кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо жана майда малдын баасы 450 миң сомду түзгөн.

Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар мал-жандыктар менен бирге кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

[image_carousel source=”media: 165203,165204,165205″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Scroll to Top