Өздөрүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырышкан. 22 млн сомдук алдамчылыкка шектелгендер кармалды

Бишкекте өзүлөрүн УКМКнын кызматчысы катары тааныштырып, жарандын батирин саттырып, акчасын алууга шектелип 3 адам адам кармалды.
УКМКнын маалыматында, Свердлов райондук милициясына жаран арыз менен кайрылып, ага өздөрүн УКМКнын жана банктын кызматкерлери катары тааныштырып, белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу байланышканын билдирген.
Анын айтымында, алар психологиялык басым көрсөтүп, аны өзүнө таандык батирин сатып, акчаны көрсөтүлгөн эсептерге которууга мажбурлашкан. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 22 млн 130 миң сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 19 жаштагы А. Ж., 28 жаштагы Б. С. жана 24 жаштагы Н. М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.