Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайыИранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылуудаТегеранды каптаган «Каардуу айкырык»Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урдуКыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынсыздануусун билдирди
Парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү
16.10.2023 | 09:20
Кыргызстандык парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы (48 кг) дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.
Эл аралык дзюдо федерациясынын жаңыланган рейтингинде Хайитхон Хусан кызы 3-орунга чыккан.
Хайитхон Хусан кызы быйыл жыл башында Португалияда өткөн «Гран-при Алмейда» эл аралык мелдешинде алтын медаль уткан. Апрель айында Астанадагы Азия биринчилигин жеңип, Азия чемпиону атанган. Августта Улуу Британиядагы IBSA Дүйнө оюндарында коло тагынган.
Ошондой эле 24-27-сентябрда Азербайдан өткөн «Grand Prix Чоң шлем» эл аралык мелдешинде коло медалга ээ болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз