Шаршенбеков соңку 1 жылда 28 беттеш өткөрүп, бир да ирет жеңилген эмес (тизме)

Шаршенбеков соңку 1 жылда 28 беттеш өткөрүп, бир да ирет жеңилген эмес (тизме)

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) 2022-жылдын август айынан бери эл аралык мелдештерде бир да ирет атаандаштарына жеңишти берген эмес.

Шаршенбеков былтыр август айынан тарта 7 расмий жана 1 бейрасмий мелдешке (Poddubny Wrestling League мелдеши) катышып, 28 жолу беттеш өткөргөн жана алардын бардыгында жеңишке жеткен. Ал 2022-жылы августта Ислам тилектештик оюндарында алтын уткан. Андан кийин сентябрда Дүйнө биринчилигин жеңип, алгач ирет дүйнө чемпиону болгон.

Андан соң 2023-жылы мартта Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинде алтын байге тагынган. Апрель айында Астанадагы Азия биринчилигинде алтын медаль утуп, экинчи жолу Азия чемпиону наамына татыган. Ошол эле айдын аягында Poddubny Wrestling League мелдешинде жеңүүчү болгон.

Августта Ljubomir Ivanovic Gedza Memorial мелдешинде бардык атаандаштарын жеңип, бул турнирдин алтын медалын тагынган.

Ал эми сентябрда дүйнө биринчилигинде экинчи ирет алтынга кол жеткизип, дүйнөнүн эки жолку чемпиону атанган.

Октябрь айынын башында Азия оюндарына катышып, алгачкы жолу Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду.

2022-жыл, август. Ислам тилектештик оюндары

1\4 финал: Жоламан Шаршенбеков — Мохаммадкодир Юсупов (Өзбекстан)

1\2 финал: Жоламан Шаршенбеков — Омид Арами (Иран)

Финал: Жоламан Шершенбеков — Мурад Мамедов (Азербайжан)

2022-жыл, сентябрь. Дүйнө чемпионаты

1\8 финал: Жоламан Шаршенбеков — Кристиан Кешкемети (Венгрия)

1\4 финал: Жоламан Шаршенбеков — Илдар Хафизов (АКШ)

1\2 финал: Жоламан Шаршенбеков — Айдос Султангали (Казакстан)

Финал: Жоламан Шершенбеков — Эдмонд Назарян (Болгария)

2023-жыл, март. Dan Kolov-Nikola Petrov мелдеши

1\8 финал: Жоламан Шаршенбеков — Недялко Петров (Болгария)

1\4 финал: Жоламан Шаршенбеков — Ричард Габриел Таунселл (АКШ)

1\2 финал: Жоламан Шаршенбеков — Саджад Жавид Аббаспуррагани (Иран)

Финал: Жоламан Шаршенбеков — Михал Яцек Трач (Польша)

2023-жыл, апрель Азия чемпионаты:

1\4 финал: Жоламан Шаршенбеков — Сумит Сумит (Индия)

1\2 финал: Жоламан Шаршенбеков — Маито Кавана (Япония)

Финал: Жоламан Шаршенбеков — Ханжи Чунг (Корея)

2023-жыл, апрель. Poddubny Wrestling League мелдеши

Бир беттеш: Жоламан Шаршенбеков – Динислам Бамматов (Россия)

2023-жыл, август. Ljubomir Ivanovic Gedza Memorial мелдеши

1\8 финал: Жоламан Шаршенбеков – Жозеф Андраси (Венгрия)

1\4 финал: Жоламан Шаршенбеков – Хайфың Жаң (Кытай)

1\2 финал: Жоламан Шаршенбеков – Динислам Бамматов (бейтарап туу)

Финал: Жоламан Шаршенбеков – Эрик Торба (Венгрия)

2023-жыл, сентябрь. Дүйнө чемпионаты

1\16 финал: Жоламан Шаршенбеков — Юстас Петравичус (Литва)

1\8 финал: Жоламан Шаршенбеков — Придон Абуладзе (Грузия)

1\4 финал: Жоламан Шаршенбеков — Исломжон Бахромов (Өзбекстан)

1\2 финал: Жоламан Шаршенбеков — Мехди Мохсен Нежад (Иран)

Финал: Жоламан Шершенбеков — Кеничиро Фумита (Япония)

2023-жыл, октябрь. Азия оюндары

1\8 финал: Жоламан Шаршенбеков — Асламжон Азизов (Тажикстан)

1\4 финал: Жоламан Шаршенбеков — Чон Ханже (Корея)

1\2 финал: Жоламан Шаршенбеков — Исломжон Бахрамов (Өзбекстан)

Финал: Жоламан Шершенбеков — Аята Сузуки (Япония)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>