Илхам Алиев Тоолуу Карабакта Азербайжандын туусун көтөрдү

Илхам Алиев Тоолуу Карабакта Азербайжандын туусун көтөрдү

Жекшемби күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борбору Ханкенди шаарында (армяндар Степанакерт деп атайт) азери туусун көтөрдү.

Мындан тышкары Алиев 19-сентябрдагы аскердик операциядан кийин Бакунун көзөмөлүнө өткөн аймактагы Хожалы, Агдер өңдүү бир катар калктуу конуштарга да барып, Азербайжандын туусун көтөрдү.

Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча «Тоолуу Карабак Республикасы» деген жикчил түзүмдү негиздеп алган.

Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.

Быйыл 19-сентябрда Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришкен.

Андан бери Тоолуу Карабакта жашаган 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден ашыгы Арменияга чыгып кеткен.

Эл аралык коомчулук тааныбаган «Тоолуу Карабак республикасынын» лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январына карата жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>