Жогорку Кеңеште 18 депутат айымга Toyota Camry үлгүсүндөгү кызматтык унаалары берилди. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан ырасташты.
Парламентте жалпы 19 депутат айым бар. Алардын ичинен бирөө кызматтык унаадан баш тарткан.
«Так датасын айта албайм. Бирок кызматтык унаалар депутаттарга каникулга чыкканга чейин берилген. Бул маселе Жогорку Кеңештин отурумунда чечилген», — деп билдиришти Жогорку Кеңештен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда