Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ош технологиялык университетине жаңы ректор дайындалды
09.09.2022 | 15:42
Бүгүн, 9-сентябрда Турсунбаев Жанболот Жанышович Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Министрлик мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору кызмат ордун ээлөө үчүн ачык сынак жарыялаган.
“Конкурска катышуу үчүн 18 талапкер документ жиберип, андан 17 адам талап кылынган документтердин толук пакетин тапшырган. Ал эми Жанболот Турсунбаев 8-сентябрда өткөн аңгемелешүүдө эң жогорку 8,3 упайды (максимум -10 балл) топтоду”, – деп айтылат маалыматта.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом