БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Парламенттик комитет Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды
01.04.2020 | 14:13
Жогорку Кеңештин тармактык комитети вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин, ал эми Саламаттык сактоо министрлик кызматка Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралу “Репортерго” Жогорку Кеңештеги өздүк булактар кабарлады.
Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 1-апрель күнү кызматтан алынышты. Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Аида Исмаилова Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты. Сабиржан Абдикаримов болсо Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборун жетектеп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат