Партиялык тизмеде талапкерлерди алфавит боюнча жайгаштыруу сунушталды

Партиялык тизмеде талапкерлерди алфавит боюнча жайгаштыруу сунушталды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Ага ылайык айылдык кеңештерге шайлоодо талапкерден күрөө талап кылынбайт жана электрондук шайлоо механизми киргизилет.

Ал эми шаардык кеңешке 7 пайыздык босого 5 пайызга түшүрүлүп, партиялык тизмедеги талапкерлердин ар бирине өзүнчө добуш берүү кошулду.

Депутат Мейкинбек Абдалиев партиялык тизмеде талапкерлерди алфавиттик тартипте жайгаштырууну сунуштады.

«Биринчи бештиктеги, ондуктагы орундар үчүн талапкерлердин ортосунда атаандаштык болот экен. Ошого аты-жөнүн алфавит менен жайгаштырсак», — деди ал.

Баяндамачы Марлен Маматалиев азыр саясый уюмдун ичиндеги коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында, ар бир талапкерге өзүнчө добуш берүү ыкмасы киргизилгенин айтты.

«Ар бир партиянын жетекчилиги, саясый кеңеши бар. Азыр мурдакыдай ким депутат болорун «партиялык босс» чечпей калган», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>