Ысык-Көлдөгү кырдаал: Ири ишканалар сүттү кабыл албай жатышат

Ысык-Көлдөгү кырдаал: Ири ишканалар сүттү кабыл албай жатышат

Ысык-Көл облусунда сүттү кайра иштетүүчү ири ишканалардын айрымдары жабылып, калгандары чектөө менен иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, компаниялардын даяр продукцияларын сата албай жаткандыктан, сүттү аз алышууда. Айрымдары оңдоо иштерин жүргүзүп жатат.

«Ысык-Көл» ишканасы сүттү үч күн кабыл албай, бүгүн гана аз өлчөмдө алып баштады. «Ала-Тоо Сүт», «Ак-Булак плюс» 11-июнда ачылат. «Сүт-Булак» менен «Ак-Жал» кабыл алуу көөлөмүн азайтты. «Май-Булак Каракол» менен  «Балыкчы-Сүт» күнүнө 5 тонна гана сүттү кайра иштете алгандыктан, андан ашыкча сатып ала алышпайт.

«Жакынкы күндөрү ишканалар толук кандуу иштеп, сүттүн 1 литри 25 сомдон сатыла баштайт», — дейт министрлик.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК сүттүн баасы арзандап кеткендиктен фермерлерди жолдорду тосуп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алууга чакырган 2 адамды кармады.

2 жаран Ысык-Көлдө жол тосуп, башаламандык уюштурмакчы болгон

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>