БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Пенсия төлөөгө жарым жылда 27,3 млрд сом сарпталды
26.07.2022 | 11:52
Кыргызстанда пенсия алган жарандардын саны 728 миң 164кө жетет. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, быйыл жарым жылда пенсия төлөөгө 27 млрд 326,8 млн сом сарпталган. Былтыркы жылга караганда пенсияны төлөөгө 2 млрд 395,1 млн сом көп жумшалган.
Пенсия алгандардын 207 миң 920сы акчасын “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалдары жана 520 миң 244 киши коммерциялык банктар аркылуу алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом