Бишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндөОшто жеке үйдөгү өрттөн үч бала каза болду, алардын атасы ооруканада
Пенсия төлөөгө жарым жылда 27,3 млрд сом сарпталды
26.07.2022 | 11:52
Кыргызстанда пенсия алган жарандардын саны 728 миң 164кө жетет. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, быйыл жарым жылда пенсия төлөөгө 27 млрд 326,8 млн сом сарпталган. Былтыркы жылга караганда пенсияны төлөөгө 2 млрд 395,1 млн сом көп жумшалган.
Пенсия алгандардын 207 миң 920сы акчасын “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалдары жана 520 миң 244 киши коммерциялык банктар аркылуу алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом