Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин абалы оор. Бул тууралуу анын уулу Тай-Мурас ырастаганын Ташиевге таандык делинген Регион телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов маалымдады.
“Камчыбек Ташиев агабыздын ден-соолугунун абалынан кыжаалат болуп, тынымсыз сурап жаткан урматтуу мекендештер, азыр эле уулу Тай-Мурас Ташиев, Камчыбек Кыдыршаевичтин абалы оор экенин айтты. Кудай шыпаа берсин, — деп жазган Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына.
Бул маалыматты Reporter агенттигинин кабарчысы байланышканда да тастыктап Ташиевге эки тараптуу пневмониянын оор түрү деп диагноз коюлганын айтты. Саясатчынын абалы учурда оор бойдон.