Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырдыКыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталды
Президент абакта жаткан дагы 245 адамга ырайым берди
24.03.2021 | 17:30
Абакта жазасын өтөп жаткан 245 адамга ырайым берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда кол койгон. Ага ылайык 245 кишинин 89у эркиндикке чыкса, калгандарынын жаза мөөнөтү кыскартылды.
Жалпысынан 1 378 адам ырайым сурап кайрылса, алардын ичинен 1 133 адамдын өтүнүчү четке кагылган.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Садыр Жапаров Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан 230 адамга ырайым берген.
Ырайым кылуу жөнүндө арыздар, эреже катары, соттун чечими күчүнө киргенден кийин соттолгондордун жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде каралат.