Ун, май жана эмерек: чакан жана орто бизнестин өнөр жайдагы үлүшү өстүЮристтин ордуна жасалма интеллект? КУУнун студенти «Мыйзамчы» укуктук жардамчысын кантип түздүКР Курулуш министрлиги көйгөйлүү курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүүнү пландап жататБишкекте үч фонтан ачылып, муниципалдык кызматкерлер сыйланды — сүрөтЭрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөт
Президент абакта жаткан дагы 245 адамга ырайым берди
24.03.2021 | 17:30
Абакта жазасын өтөп жаткан 245 адамга ырайым берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда кол койгон. Ага ылайык 245 кишинин 89у эркиндикке чыкса, калгандарынын жаза мөөнөтү кыскартылды.
Жалпысынан 1 378 адам ырайым сурап кайрылса, алардын ичинен 1 133 адамдын өтүнүчү четке кагылган.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Садыр Жапаров Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан 230 адамга ырайым берген.
Ырайым кылуу жөнүндө арыздар, эреже катары, соттун чечими күчүнө киргенден кийин соттолгондордун жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде каралат.