Сот блогер Элмир Сыдымановду актады

Сот блогер Элмир Сыдымановду актады

Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту блогер Элмир Сыдымановду актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу ал өзү билдирүү таркатты.

10-мартта өткөн соттук отурумда мамлкеттик айыптоочу соттук-лингвистикалык экспертизасынын корутундусуна ылайык, Э.Сыдымановдун аракетинде региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталбаганы айтып, аны айыптоодон баш тарткан.

Белгилей кетсек, Элмир Сыдыманов 2020-жылдын 4-февралында өзүнүн социалдык тармактагы “Sydyman” аттуу “Instagram” баракчасынан  түз эфирде айткан сөздөрү үчүн аймак аралык кастыкты козутууга шектелип 17-февралда кармалган.

Октябрь райондук соту 28-февралда анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Кийин блогер өзүнүн катачылыгын мойнуна алып, элден кечирим сураган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>