Президент болууну көздөгөн эки адам арызын кайтарып алды

Президент болууну көздөгөн эки адам арызын кайтарып алды

Президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн арыз берген эки адам документтерин кайтарып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Талапкер болуу үчүн берген документтерин кайтарып алуу үчүн 3-декабрда БШКга арыз бергендер  Акжолтой Тукунов менен  Арсланбек Малиев.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт.  Президент болом деген талапкерлердин саны 63төн 43кө азайды.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болуу үчүн арыз бергендер мыйзамга ылайык, 4-декабрга чейин 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колун жана 1 млн сом 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн бериши керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>