Президент медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу ден соолук сакчылары!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Медицина кызматкери – өзгөчө кесип! Адамдардын ден соолугуна кам көрүп, узак өмүр тартуулоо менен өз жашоосун ары жоопкерчиликтүү, ары аздектелген ишке байлаган адамдардын кесиби.

Улуттун саламаттыгы – өлкөбүздүн башкы баалуулугу! Ошондуктан социалдык тармакты өнүктүрүү үчүн элибиздин өмүрүнүн узактыгын камсыздоого, жашоо сапатын жогорулатууга жана ден соолугун жакшыртууга багытталган бардык иш-чаралар – мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынан болуп саналат.

Ошондон улам, мамлекет медицинаны өнүктүрүүгө өз күчүнөн тышкары, инвестиция тартуу менен саламаттык сактоо тармагын модернизациялоонун, ооруканаларды заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен жабдуунун жана эл-журтубузга сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн аракетин көрүп келет. Жакында эле алыскы аймактардагы элибиздин саламаттыгына кам көрүү иштерин арттыруу максатында жаш адистерге айлыгынан сырткары стипендия чегерүү, врачтын депозитинин суммасын көбөйтүү, ошону менен бирге врачтык, орто медициналык жана кенже персоналдардын маяналарын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол коюлду.

Бүгүнкү майрам күнү медицина тармагына өзгөчө маани берилип жатканын, бул жаатта алгылыктуу жетишкиндиктерибизди да белгилей кетели. Кээ бир кыйынчылыктарга карабастан, биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз медицинасы ырааттуу өнүгүү жолуна түштү десем жаңылышпайм.

Буга кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүү максатында иштей баштаган Бишкек шаарындагы заманбап Перинаталдык борбордун ачылышын бир мисал кылып айта кетсек болот.

Ошондой эле ушул жылдын июнь айында өлкөбүздө боорду алмаштыруу боюнча биринчи операциянын ийгиликтүү өтүшүн дагы мыкты саамалык катары карасак болот. Заманбап медицинада жигердүү өнүгүп келе жаткан трансплантология маселесинин колго алынышы өлкөбүздүн медицина тарыхындагы эң чоң маанилүү жетишкендиктерибиздин бири болду!

Урматтуу медицина кызматкерлери!

Буюрса, биз сиздер менен бирге мамлекетибиздеги ар бир жаранга сапаттуу жана коопсуз медициналык жардам көрсөтүүгө жетишебиз!

Келиңиздер, баарыбыз чогуу саламаттык сактоо тармагыбызды алдыга жылдыралы, Кыргыз Республикасы үчүн мыкты медициналык системаны куралы!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден соолук, биресе сыймыктуу, биресе өтө жоопкерчиликтүү миссияңыздарды аткарууда албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш тилейм!»

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>