Президент: МИКтен үй алган жаран төлөмдү бир ай кечиктирсе, компания батирди алып коет

Президент: МИКтен үй алган жаран төлөмдү бир ай кечиктирсе, компания батирди алып коет

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) батир алган жаран төлөмдү бир ай кечиктирсе, компания батирди алып коет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде билдирди.

Жапаров алар элди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатын ийгиликтүү ашыра баштаганын, жарандарга батир алууга ыңгайлуу шарттар түзулүп жатканын айткан.

«Келечекте шарты жок, бирок үйгө муктаж болгон карапайым калкты 25 жылдык мөөнөт менен алдын ала төлөмү жок толук камсыз кылабыз. Бирок кичине убакыт керек», — дейт ал.

Анын айтымында, келе жаткан жылы дагы 10 миңдеген үй-бүлөлөр үй алышат.

«Азыр үйлөрдү жапырт түрдө салып атабыз. Ушунун баары жакын арада бүтөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып батир алгандарга кайрыла кетейин. Өзүнүн чама-чаркына карабай эле, дароо 3 бөлмөлүү батир алгандар бар экен. Жумушу туруксуз, айлыгы аз болсо деле дароо 3 бөлмөлүү батир алып албай алыңарга карап алгыла. Турак үйдү кеңейтүү программасын да киргизгенбиз. Биринчи бир бөлмөлүү алгыла. Аны төлөп бүткөндөн кийин аны алмаштырып кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүңөр бар. Эки бөлмөлүүгө алмаштырсаңар болот. 2 бөлмөлүүнү төлөп бүткөндөн кийин анан 3 бөлмөлүүгө алмаштыргыла. Кыскасы бардык жеңил жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик», — деди президент.

Жапаров жарандар алган батирдин акчан бир ай кечиктирсе, аны МИК кайра алып кое турганын, мурда төлөгөн акчалары кайтарылбай турганын эскертти.

«Эми батир алгандар силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акчалар башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет.

Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар.

Ар бир мигрант өз мекенинде жашашы үчүн мамлекеттин бардык күчүн жумшап жатабыз. Ошондуктан ар ай сайын убагынан кечиктирбей төлөп, абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла.

Силердин артыңарда батир алам деп кезекте жүз миңдеген жарандарыбыз турганын унутпагыла. Алар да силерге окшоп батир алам деп чоң үмүт менен көптөн бери күтүп келе жатышат. Эгер буга чейин батир алгандардын арасында ал-күчүңөрдү ченебей 3 бөлмөлүү батир алып алгандар болсо, дароо бир бөлмөлүүгө алмаштыргыла», — деди ал.

Ошондой эле ал мурда бир бөлмөлүү батир алып, бирок аны үч бөлмөлүүгө алмаштырууну каалагандар МИКке кайрылса болорун билдирди.

Андан тышкары президень кезекке туруу электрондоштурулганын, аны аттап кетүү мүмкүн эмес экенин жана ар ким өзүнүн кезеги кандай жылып жатканын көрө аларын айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>