Президент «Улуттук банк жөнүндө» мыйзамга кол койду

13.08.2022 | 19:25

Президент Садыр Жапаров «Улуттук банк жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Улуттук банк жөнүндө» конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Ушул конституциялык мыйзам Улуттук банктын укуктук статусун, максатын жана негизги милдеттерин, ишин уюштуруунун тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.

Мыйзам башка нерселер менен бирге төмөнкүлөрдү камтыйт:

— Улуттук банктын милдеттүү резервдеринин эсебинен Улуттук банктын уставдык капиталын көбөйтүү;

— Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган компанияларына Улуттук банк тарабынан насыяларды/займдарды берүү мүмкүнчүлүгү;

— Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун аткаруу үчүн Улуттук банктын функционалдык, уюштуруучулук жана финансылык өз алдынчалыгы жөнүндө жоболор такталган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top