Бишкектеги президенттин администрациясынын жаңы имараты Ынтымак-Манас Ордосу деп атала турган болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Ал мындан бир жума мурда президенттин администрациясынын жаңы имаратына ат тандоо үчүн элден кеңеш сурап кайрылганын белгилеп, Ынтымак-Манас Ордо деген атты ылайык көрүп жатканын билдирди. Ошондой эле ал талкууга катышып, ар түрдүү варианттарды сунуштаган жарандардын баарына ыраазычылыгын айтты.
Жапаровдун айтымында, жарандар сунушка коюлган Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо деген аттарды көп тандаган. Алардын арасынан Ынтымак Ордосу деген аталышты Жапаровдун жеке өзү сунуштаган.
«Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай. Эмне үчүн Ынтымак? Кыргызда бир уламыш кеп бар.
Кызыр алейхисаламдын эшигин каккылап биринчи Бакыт келет экен. Сен кимсин десе, «Бакытмын» дейт. «Аа, күтө тур деп, эшикке күттүрүп коет. Артынан эле Таалай келет. Аны да күттүрүп коет. Ырыс келет, Кут келет, Байлык келет, Бийлик келет, анан эң акырында Ынтымак келет.
«Ии, эми баарыңар чогуу киргиле!, — деп баарын киргизет.
Ошондо беркилер сурайт:
«Ээ Кызыр алейхисалам, эмнеге Ынтымак келгиче чейин баарыбызды күттүрүп койдунуз?».
Кызыр алейхиссалам:
«Ынтымагыңар болбосо, бирөөңөр да ушул жерде олтурбайт элеңер. Баарыңар бириндеп, бири-бириңди карабай, кирип-чыгып кете берет элеңер. Качан гана ынтымак болгондо баары болот. Араңарда ынтымак болбосо, ишиңер оңолбойт. Бириндеп, өзүңөр кошо жок болуп кетмексиңер», — деген экен.
Чынында эле ынтымагыбыз бекем болсо, бардык ийгиликтер болот.
Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп, эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос.
Ынтымак-Манас Ордобузда «Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр алейхисалам болсун!», — деп жазы ал.
Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын аталышын издөөдө