Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын аталышын издөөдө
10.10.2023 | 14:40
Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, жаңы имаратты “Ак Ордо”, “Кут Ордо”, “Айкөл Ордо”, “Ынтымак Ордо” деп атоо пикирлери бар. Президент өлкө жарандарынан дагы сунуштарды күтөт.
“Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк тарыхта калат. Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер.
Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер”, – дейт Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, жаңы администрациянын курулушу 2022-жылдын апрель айында башталган. Ал мурдакы Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулуп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом