Жогорку Кеңеш Палестин элине жардам жөнөтмөкчү

Жогорку Кеңеш Палестин элине жардам жөнөтмөкчү

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ депутаттар Палестин элине жардам берүүнү сунушташты.

Депутат Жалолидин Нурбаев Тышкы иштер министрлигин атайын эсеп ачууга чакырды.

“Биз эмне кыла алабыз? Коридор ачып, дары-дармек, гуманитардык жардам жеткирип берели? Жогорку Кеңеш өз позициясын билдирсин”, — деди Айбек Осмонов.

Жаныбек Кыдыкбаев Палестинага жардамга депутаттардын  бир күндүк айлыгын которууну сунуштады.

“Биз өзүбүздүн согушка каршы көз-карашыбызды билдиришибиз керек. Мусулманбыз дейбиз дагы унчукпай олтурабыз”, — деди ал.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Израил-Палестин жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүгө чакырарын белгиледи.

“Согуш болуп, өмүрлөр кыюлууда. Кыргызстан – тынчтыкты сүйгөн өлкө. Адам өмүрү баарынан кымбат. Мындайга кайдыгер болбош керек. Жардам берүүнүн жолдорун караштырабыз”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Палестина менен Израилдин ортосунда кайра кагылышуу күчөдү.  Израиль сектор Газаны курчоого алып, тыюу салынган химиялык куралды колдонгону кабарланууда. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 16-октябрга карата 2 миң 808 киши каза болуп, 10 миң 800 жаракат алды. Набыт болгондордун 64 пайызы аялдар жана балдар. Израил тарап буга чейин Хамастын кол салуусунан 1 миң 400 киши көз жумганын кабарлаган.

Кечээ Израил аскерлери Газаданы ооруканага чабуул жасап, анда 500 киши каза болду.

Израил-Палестин жаңжалы. Парламентте жабыркагандарга жардам берүү сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>