Сохтогу өзбек аскерлери баткендиктерди чек арада узак текшерүүдө

Сохтогу өзбек аскерлери баткендиктерди чек арада узак текшерүүдө

Баткен облусунун тургундарына Сох анклавы аркылуу өтүүдө кыйынчылыктар туулууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын чек арачылары тез жардам кызматын дагы текшерүүгө алып, узак кармап жатат.

«Анклавдын айласында 10 айыл бар. Алар Сох аркылуу өтүүгө аргасыз. Биздин аймактагы анклав болуп туруп, биздин жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратууда.  Оор бейтапты алып бара жаткан тез жардам кызматынын унаасындагы дарыгерди дагы түшүрүп, 20 мүнөт, жарым сааттай кармаган учурлар болуптур. Автомобилден карысы бары, майып болобу – баарын түшүрүп жөө өткөзүшөт экен. Өзбекстан менен мамиле жакшы болуп жатканда, бул эмне деген жорук?», — деди депутат.

Султанбай Айжигитов Өзбекстан менен чек ара чечилгенин белгилеп, Баткен облусунун тургундарына жеңилдиктерди түзүп берүүнү талап кылды.

Белгилей кетсек, Сох — Баткен облусунда жайгашкан Өзбекстандын ири анклавы. Анын жалпы аянтты 352 чарчы чакырымды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>