Президент Жапаров Германияга сапар менен барат
Президент Садыр Жапаров Берлинде биринчи жолу өтө турган “Германия – Борбор Азия” саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Аталган саммит 29-сентябрда өтөт.
“Мамлекет башчысы федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара кызматташууну кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда”, – дейт Азымбакиев.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия лидерлеринин Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле “Германия экономикасынын Чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен болгон биргелешкен жолугушуусуна катышат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз