Ошто айылдаштарынын малын уурдоого шектүү кармалды

Ошто айылдаштарынын малын уурдоого шектүү кармалды

Айылдаштарынын малдарын уурдап, сатып жүргөн Оштун Жапалак айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22 жаштагы Б.М. уулу аттуу тургун 2022-жылдын күз айларынан тартып айылдаштарынын малын уурдай баштаган. Анын тергөөчүгө берген көрсөтмөсүнө ылайык, ал уурдай турган малды күндүз көздөп коюп, түн ката талаада аркандалган же короодо турган жеринен уурдап кетип жүргөн. Андан кийин уурдалган малды алдын ала сүйлөшүлгөн Daewoo Labo жүк ташуучу унаасына салып, мал базарга жеткиртип, ал жактан арзан баага сатып жүргөн. Акчаны өз кызыкчылыгына короткон.

Ошол эле учурда малды базарга жеткирген айдоочу мал уурдалганын билген эмес. Шектүү ага өзүн алып-сатар катары тааныштырган. Уурдалган малдарды Өзгөн, Кызыл-Кыя жана Ноокат шаарларынын мал базарларына сатып турган.

Учурда шектүү 7 баш уй-бука, 2 кой уурдагандыгы аныкталган.

Шектүү 26-сентябрда убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо 03222-6-90-70 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>