Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого алгачкы талапкерди каттады. Бул тууралуу “Репортерго” БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 30-октябрда түштөн кийин талапкер катары Адахан Мадумаров талапкер катары документтерин тапшырган. Ал президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген алгачкы талапкер.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январында өтөт. Президенттикке талапкер болгусу келгендер 14-ноябрга чейин документтерин тапшырышы керек.