Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна 114.2 млн сом келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражаттын 62 млн сому Садыр Жапаровдун эсебине түшкөн. Бабыржан Төлбаевдин эсебине — 14.2 млн сом, Имамидин Ташовдун эсебине — 4.9 млн сом жана Абдил Сегизбаевдикине — 4.6 млн сом которулган.
Бүгүнкү күндө талапкерлер дээрлик 105.4 млн сом сарпташкан.