Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путин 24-майда Орусиянын Сочи шаарында жолугушат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
Маалыматка таянсак, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшыруу аземинде Путин Жапаровду Сочиде кабыл аларын өзү айткан.
«Орусия менен Кыргыз өлкөсү соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү өз ара иштешүүдө. 24-майда Сочиде боло турган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча кенен сүйлөшөбүз», — деген Путин.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-майдан тарта президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү.