Баткен облусуна өзгөчө статус берилди

Баткен облусуна өзгөчө статус берилди

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кенештин регламенти боюнча комитети “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун  биринчи окууда жактырды.

Сунушталган мыйзам долбоору боюнча Айыл чарба, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мыйзам долбоору боюнча маалымат берди. Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчөтүү, Баткен облусунун Координациялык кеңешин түзүү, атайын салыктык жана инвестициялык режимдерди киргизүү демилгеси сунушталып жатканын билдирген.

Талкуу жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоорунда Баткен облусун өнүктүрүүнүн жана колдоонун механизмдерин так жазуу керектигин белгилеген.

Ошондой эле бир топ депутаттар жалпы сөздөрдөн конкреттүү иш-аракеттерге өтүү керек деп эсептей турганын билдиришти.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев мыйзам чыгаруу жүрүмүнүн принциптери менен ченемдерине учкай токтолуп, Баткен облусунда жеке жоопкерчиликти ала турган кызмат адамы болушу керектигин кошумчалады.

«Мамлекет Баткен облусундагы бардык маселелерди чечиши керек, Ал үчүн бардыгы пункт-пункт менен баяндала турган документ керек», — деди Абдылдаев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>