Каракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралууСурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болдуКыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөтБишкекте курулуш люлькасынын кулашы: компанияга 200 миң сом айып салындыМинистрлер кабинети 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыгын чыгарды
Путин Садыр Жапаровду 24-майда Сочиде кабыл алат
18.05.2021 | 15:54
Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путин 24-майда Орусиянын Сочи шаарында жолугушат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
Маалыматка таянсак, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшыруу аземинде Путин Жапаровду Сочиде кабыл аларын өзү айткан.
“Орусия менен Кыргыз өлкөсү соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү өз ара иштешүүдө. 24-майда Сочиде боло турган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча кенен сүйлөшөбүз”, – деген Путин.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-майдан тарта президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат