БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Путиндин расмий сапары. Президенттер “Ата-Бейитке” барат
12.10.2023 | 13:49
Бишкектеги “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясында Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу башталды.
Өлкө жетекчилерин Ардактуу кароол тосуп алып, эки өлкөнүн гимни ойнолду.
Эки тараптын делегация мүчөлөрү менен таанышуу учурунда Россия жетекчиси Садыр Жапаровдун Тышкы иштер министри Сергей Лавров, пресс-катчысы Дмитрий Песков менен тааныштыгын сурады. “Таанышпыз”, – деп жооп берди Жапаров.
Тосуп алуу салтанатынан кийин өлкө башчылары мамлекеттик резиденциядан “Ата-Бейит” мемориалдык көрүстөнүнө жөнөп кетишти. Андан кийин президенттер тар жана кенен чөйрөдөгү жолугушууларды улантат.
Владимир Путин эртең КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитине дагы катышат.
Бул Россия жетекчисинын тогуз айдан берки биринчи чет өлкөгө расмий сапары.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом