Путиндин Кыргызстандагы сапарында кол коюлган документтердин тизмеси

12.10.2023 | 19:12

Бүгүн, 12-октябрда, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россиянын Биринчи президенти Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;

– Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

– Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;

– Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Россиянын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россиянын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;

– Россиянын өкмөтү менен Кыргызстандын Министрлер кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top