Путиндин Кыргызстандагы сапарында кол коюлган документтердин тизмеси

Путиндин Кыргызстандагы сапарында кол коюлган документтердин тизмеси

Бүгүн, 12-октябрда, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россиянын Биринчи президенти Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;

— Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Россиянын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россиянын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;

— Россиянын өкмөтү менен Кыргызстандын Министрлер кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>