Чек арада эки аял 108,8 миң доллар менен кармалды

Чек арада эки аял 108,8 миң доллар менен кармалды

«Достук – унаа жолу» өткөрмө бекетинде 108,8 миң доллар акчаны мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган эки аял кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 12-октябрда болжол менен саат 09:00до Кыргызстандын 56 жаштагы Р.К. жана 32 жаштагы С.А. аттуу жарандары (аял кишилер) Кыргызстандан Өзбекстанга бара жатышкан. Текшерүүдөн өтүп жатканда С.А. аттуу келинден 81,8 миң доллар, ал эми экинчи аялдан 27 миң доллар табылган.

Алар экөө тең чет элдик валютаны декларация толтурбай алып чыгып кетүүгө аракет кылган.

Документтер толтурулгандан кийин кармалган аялдар менен акча териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, өкмөттүн быйыл жыл башындагы чечимине ылайык, Кыргызстандын жарандары (резиденттери) өлкөдөн накталай түрдө 10 миң долларга чейинки акчаны алып чыга алат. Ал сумма 10 миң доллардан ашса, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.

Кыргызстандан 10 миң доллардан көп акча чыгарууга тыюу салынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>