Бишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалууда
Референдум дайындоо тууралуу мыйзамга Талант Мамытов кол койду
12.12.2020 | 12:11
Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мыйзамга кечээ, 11-декабрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.
Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Анда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.
Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:
— президенттик республика;
— парламенттик республика;
— бардык варианттарга каршы.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат