Ушул жылдын апрель айынын башында Донецк Элдик Республикасынын Тельмановский районундагы жана Запорожье облусунун Бердянск шаарындагы балдарга жана жарандарга жардам көрсөтүү боюнча орус-кыргыз биргелешкен гуманитардык миссиясы өттү.
Россия тараптан бул демилгени Нижнетуринск муниципалдык округунун (Свердлов облусу) администрациясынын башчысы Андрей Постовалов жана “Георгий” Жеңиш улуттук коргоо коому колдошту.
Миссиянын алкагында оюнчуктар, литература жана спорттук жабдууларды камтыган жүктөрдү жеткирилди.
Сапардын жүрүшүндө делегация Донецк шаарындагы Баатырлар аллеясына барып, эстеликтерге гүл коюшту.
Мындан тышкары, Бердянск шаарында Запорожье облусундагы адам укуктары боюнча комиссары Николай Мирошниченко менен жолугушуу болуп, анда социалдык-гуманитардык чөйрөдө мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.
Уюштуруучулар бул акция калкты колдоо жана Россия менен Кыргызстандын байланышын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин баса белгилешет.